۞إِنَّ ٱللَّهَ ٱصۡطَفَىٰٓ ءَادَمَ وَنُوحٗا وَءَالَ إِبۡرَٰهِيمَ وَءَالَ عِمۡرَٰنَ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ
القرغيزية | кыргызча
Чындыгында Аллах Адам атаны тандап, ага периштелерди сажда кылдырды. Нухту тандап, аны жер жүзүнө биринчи элчи кылды. Ибрахимдин үй-бүлөсүн тандап, анын урпактарына пайгамбарлыкты кылды. Ошондой Имрандын үй-бүлөсүн да тандады. Ушулардын баарысын тандап, өз доорундагы адамдардан артык кылды.
ذُرِّيَّةَۢ بَعۡضُهَا مِنۢ بَعۡضٖۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
القرغيزية | кыргызча
Мына ушул аталган пайгамбарлар жана алардын жолун жолдогон урпактары – алар Аллахты жалгыздоодо жана жакшылык иштерди кылууда биринин артынан бири келген урпактар. Алар бири-биринен асыл сыпаттарды жана артыкчылыктарды мураска алышкан. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү. Ошол себептен алардын арасынан Өзү каалагандарын тандайт.
إِذۡ قَالَتِ ٱمۡرَأَتُ عِمۡرَٰنَ رَبِّ إِنِّي نَذَرۡتُ لَكَ مَا فِي بَطۡنِي مُحَرَّرٗا فَتَقَبَّلۡ مِنِّيٓۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
القرغيزية | кыргызча
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Имрандын аялы (Мариямдын энеси)айтты: «Оо, Раббим! Мен курсагымдагы баланы Сага жана Сенин үйүңө кызмат кылуусу үчүн Сенин Жүзүңдү көздөп бүткүл нерседен бошотууну өзүмө милдет кылдым. Муну менден кабыл кыл. Чындыгында Сен дубамды Угуучусуң, ниетимди Билүүчүсүң».
فَلَمَّا وَضَعَتۡهَا قَالَتۡ رَبِّ إِنِّي وَضَعۡتُهَآ أُنثَىٰ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا وَضَعَتۡ وَلَيۡسَ ٱلذَّكَرُ كَٱلۡأُنثَىٰۖ وَإِنِّيسَمَّيۡتُهَا مَرۡيَمَ وَإِنِّيٓ أُعِيذُهَا بِكَ وَذُرِّيَّتَهَا مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ ٱلرَّجِيمِ
القرغيزية | кыргызча
Ал уул төрөйм деп үмүт кылып жүрүп, айы-күнү жетип төрөгөндө өкүнүп: «Оо, Раббим! Мен кыз төрөдүм» – деди. Аллах анын ким төрөгөнүн жакшы билет. Ал үмүт кылып күткөн уул күч-кубат жана турпат жактан ага берилген кыздай эмес. Ал: «Мен анын атын Мариям койдум, аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргоону Өзүңө тапшырдым» – деди.
فَتَقَبَّلَهَا رَبُّهَا بِقَبُولٍ حَسَنٖ وَأَنۢبَتَهَا نَبَاتًا حَسَنٗا وَكَفَّلَهَا زَكَرِيَّاۖ كُلَّمَا دَخَلَ عَلَيۡهَا زَكَرِيَّا ٱلۡمِحۡرَابَ وَجَدَعِندَهَا رِزۡقٗاۖ قَالَ يَٰمَرۡيَمُ أَنَّىٰ لَكِ هَٰذَاۖ قَالَتۡ هُوَ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِۖ إِنَّ ٱللَّهَ يَرۡزُقُ مَن يَشَآءُ بِغَيۡرِ حِسَابٍ
القرغيزية | кыргызча
Аллах анын назирин жакшы кабыл алып, аны татыктуу тарбиялап чоңойтту, пенделеринин ичинен такыба адамдардын жүрөктөрүн ага жумшак кылды жана анын жоопкерчилигин Закарияга тапшырды. Закария анын ибадат кылган жайына кирген сайын анын алдынан жеңил жана таза ырыскыларды көрчү. Бирде ага кайрылып: «Оо, Мариям! Бул ырыскы сага кандай келди?» – деп сураганда, ал айтты: «Бул ырыскы Аллахтан. Чындыгында Аллах кимге кааласа эсепсиз кенен ырыскы берет».
وَإِذۡ قَالَتِ ٱلۡمَلَـٰٓئِكَةُ يَٰمَرۡيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصۡطَفَىٰكِ وَطَهَّرَكِ وَٱصۡطَفَىٰكِ عَلَىٰ نِسَآءِ ٱلۡعَٰلَمِينَ
القرغيزية | кыргызча
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде периштелер Мариямга айтты: «Аллах сени мактоого татыктуу сыпаттарга ээ болгонуң үчүн тандады, сени кемчиликтерден тазалады жана заманыңдагы ааламдагы аялдардан тандап алды.
يَٰمَرۡيَمُ ٱقۡنُتِي لِرَبِّكِ وَٱسۡجُدِي وَٱرۡكَعِي مَعَ ٱلرَّـٰكِعِينَ
القرغيزية | кыргызча
Оо, Мариям! Намазда узакка тур, Раббиңе сажда кыл жана Анын такыба пенделеринен рүкү кылгандар менен бирге Ага рүкү кыл».
ذَٰلِكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ ٱلۡغَيۡبِ نُوحِيهِ إِلَيۡكَۚ وَمَا كُنتَ لَدَيۡهِمۡ إِذۡ يُلۡقُونَ أَقۡلَٰمَهُمۡ أَيُّهُمۡ يَكۡفُلُ مَرۡيَمَ وَمَا كُنتَلَدَيۡهِمۡ إِذۡ يَخۡتَصِمُونَ
القرغيزية | кыргызча
Оо, пайгамбар! Закария менен Мариям тууралуу айтылган бул кабар – Биз сага вахий кылуучу кайып кабарларынан. Сен ал аалымдар менен такыба адамдар Мариямды тарбиялоого ким татыктуу деп талашып-тартышып жатканда жанында эмес болчуң, алар акыры чүчү кулакка токтолуп, калемдерин ташташты, ошондо Закариянын калеми утуп чыкты.
إِذۡ قَالَتِ ٱلۡمَلَـٰٓئِكَةُ يَٰمَرۡيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ يُبَشِّرُكِ بِكَلِمَةٖ مِّنۡهُ ٱسۡمُهُ ٱلۡمَسِيحُ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ وَجِيهٗا فِيٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ وَمِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ
القرغيزية | кыргызча
Оо, пайгамбар! Эстечи, периштелер айтышты: «Оо, Мариям! Аллах сага атасыз жаралуучу уулду сүйүнчүлөп жатат. Чындыгында ал Аллахтын «бол» деген сөзү менен гана ишке ашып, Аллахтын уруксаты менен ошол замат бала болот. Бул баланын аты Аль-Масих Иса ибн Мариям. Анын бул дүйнөдө да, акыретте да орду бийик жана ал Аллах таалага жакындардан болот».
وَيُكَلِّمُ ٱلنَّاسَ فِي ٱلۡمَهۡدِ وَكَهۡلٗا وَمِنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ
القرغيزية | кыргызча
Ал тили чыга турган убакка чейинки ымыркай бала кезинде эле адамдарга сүйлөйт, ал эми күч-кубатка толуп, эр жетилип чоңойгондо аларга кайрылып дин жана дүйнө иштеринде пайдалуу нерселерди сүйлөйт. Ал сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде такыба адамдардан болот.
قَالَتۡ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي وَلَدٞ وَلَمۡ يَمۡسَسۡنِي بَشَرٞۖ قَالَ كَذَٰلِكِ ٱللَّهُ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ إِذَا قَضَىٰٓ أَمۡرٗا فَإِنَّمَايَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ
القرغيزية | кыргызча
Күйөөгө чыкпай туруп эле балалуу болууга таң калган Мариям: «Мага бир дагы киши адал жолдо да, арам жолдо да жолобосо, мен кантип балалуу болмок элем?!» – деди. Периште ага айтты: «Аллах сага атасыз уул жаратканы сыяктуу адатка каршы келген нерселерден Өзү каалаганын жаратат. Эгер бир ишти кааласа, ага «бол» дейт, ал ошол замат ишке ашат. Аны эч бир нерсе алсыз калтыра албайт.
وَيُعَلِّمُهُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَ
القرغيزية | кыргызча
Ал ага жазууну, тууралыкты, сөз менен иш-аракетте ийгиликке жетүүнү үйрөтөт, ага Мусага түшүргөн Тооратты үйрөтөт жана ага жакында түшүрө турган Инжилди үйрөтөт.
