التصنيفات
القرآن الكريم

المختصر في التفسير кыргызча سورة [النساء]

وَبِكُفۡرِهِمۡ وَقَوۡلِهِمۡ عَلَىٰ مَرۡيَمَ بُهۡتَٰنًا عَظِيمٗا

القرغيزية | кыргызча

ошондой эле каапырлыгы жана Мариямга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун)зына кылдың деп жалган жалаа жапканы үчүн аларды ырайымдан четтеттик

يَـٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لَا تَغۡلُواْ فِي دِينِكُمۡ وَلَا تَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡحَقَّۚ إِنَّمَا ٱلۡمَسِيحُ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ رَسُولُٱللَّهِ وَكَلِمَتُهُۥٓ أَلۡقَىٰهَآ إِلَىٰ مَرۡيَمَ وَرُوحٞ مِّنۡهُۖ فَـَٔامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦۖ وَلَا تَقُولُواْ ثَلَٰثَةٌۚ ٱنتَهُواْ خَيۡرٗا لَّكُمۡۚ إِنَّمَاٱللَّهُ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ سُبۡحَٰنَهُۥٓ أَن يَكُونَ لَهُۥ وَلَدٞۘ لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا

القرغيزية | кыргызча

Оо, элчи, Инжилдин ээси болгон христиандарга айт: Диниңерде аша чаппагыла, Аллах Таалага Иса пайгамбар тууралуу чындыкты гана айткыла, чынында Мариямдын уулу Иса Масих чыныгы дин менен Аллах Таала чыгарган элчи, аны Жебирейилди Мариямга жиберип Өзүнүн бир ооз сөзү менен жараткан, ал сөзү бол деген сөз, ошону менен болуп калды. Ал Аллахтын буйругу менен Жебирейил үйлөгөн Аллахтын деми. Аллахка жана Анын элчилерине бири-биринен ажыратпастан ишенгиле. Аллахты үчөө дебегиле, бул жалган, бузуку сөзүңөрдү токтоткула, токтотконуңар дүйнө жана акыретте өзүңөргө жакшы. Аллах Таала чынында Жалгыз шериги, баласы болуудан аруу-таза, Ал муктаж эмес, Асмандагы, жердеги жана булардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Аныкы, асман-жердегинин баарын көзөмөлдөп, башкарууга Жетиштүү