لَّقَدۡ كَفَرَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡمَسِيحُ ٱبۡنُ مَرۡيَمَۚ قُلۡ فَمَن يَمۡلِكُ مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔا إِنۡ أَرَادَ أَن يُهۡلِكَٱلۡمَسِيحَ ٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَأُمَّهُۥ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗاۗ وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَاۚ يَخۡلُقُ مَايَشَآءُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
القرغيزية | кыргызча
Христиандардын арасындагы “Мариямдын уулу Иса Кудай “дегендер каапыр болду. Эй, элчи, аларга айт: Мариямдын уулу Исаны жок кылуудан, анын энесин жок кылуудан, жер бетиндегинин баарын жок кылуудан Аллахты ким тыя алат, эгер Ал ушуну кааласа?! Эч ким Аны мындан тыя албаганы, демек Ал Андан башка ибадат кылууга ылайыктуу эч бир кудай болбогон Жалгыз Аллах экенине далил. Ал эми Мариямдын уулу Иса, анын энеси, жана ал экөөнөн башканын баары Аллах жараткан нерселер. Асман-жердеги жана алардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Аллахка таандык. Ал эмне кааласа жаратат, мына ошол жараткандарынын бири Мариямдын уулу Иса; ал Аллахтын пендеси жана элчиси, Аллах бардык нерсеге күчү жетүүчү Кудуреттүү.
مَّا ٱلۡمَسِيحُ ٱبۡنُ مَرۡيَمَ إِلَّا رَسُولٞ قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِهِ ٱلرُّسُلُ وَأُمُّهُۥ صِدِّيقَةٞۖ كَانَا يَأۡكُلَانِ ٱلطَّعَامَۗ ٱنظُرۡكَيۡفَ نُبَيِّنُ لَهُمُ ٱلۡأٓيَٰتِ ثُمَّ ٱنظُرۡ أَنَّىٰ يُؤۡفَكُونَ
القرغيزية | кыргызча
Марямдын уулу Иса башка элчилер сыяктуу эле элчи, алар сыяктуу эле ага да өлүм келет. Анын энеси Марям өтө чынчыл жана тастыктоочу аял болгон. Экөө тең эл катары муктаж болуп тамак жейт, тамакка муктаж болуп турса, анан кантип бул экөө кудай болмок эле?! Эй, элчи, ой жүгүртүү менен карачы: биз аларга Аллахтын жалгыздыгын далилдөөчү жана кудайлык сыпатты Аллахтан башкага ыйгаруулары катуу адашуу экенине түрдүү ачык-айкын далилдерди көрсөттүк. Ошого карабастан, алар бул далил-белгилерди четке кагышты. Анан, Аллахтын Жалгыздыгына ачык-айкын далилдер турганына карабай, алардын чындыктан ушунчалык тайып кетишкенин карабайсыңбы.
إِذۡ قَالَ ٱللَّهُ يَٰعِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ٱذۡكُرۡ نِعۡمَتِي عَلَيۡكَ وَعَلَىٰ وَٰلِدَتِكَ إِذۡ أَيَّدتُّكَ بِرُوحِ ٱلۡقُدُسِ تُكَلِّمُ ٱلنَّاسَفِي ٱلۡمَهۡدِ وَكَهۡلٗاۖ وَإِذۡ عَلَّمۡتُكَ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَۖ وَإِذۡ تَخۡلُقُ مِنَ ٱلطِّينِ كَهَيۡـَٔةِ ٱلطَّيۡرِبِإِذۡنِي فَتَنفُخُ فِيهَا فَتَكُونُ طَيۡرَۢا بِإِذۡنِيۖ وَتُبۡرِئُ ٱلۡأَكۡمَهَ وَٱلۡأَبۡرَصَ بِإِذۡنِيۖ وَإِذۡ تُخۡرِجُ ٱلۡمَوۡتَىٰ بِإِذۡنِيۖ وَإِذۡكَفَفۡتُ بَنِيٓ إِسۡرَـٰٓءِيلَ عَنكَ إِذۡ جِئۡتَهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡهُمۡ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٞ
القرغيزية | кыргызча
Эстегин, Аллах Таала Иса пайгамбарга кайрылып: Эй, Марямдын уулу Иса, мен сени атасыз жараткан жакшылыгымды эстегин, энеңди заманындагы аялдардын арасынан тандап чыгарган жакшылыгымды эстегин, сени Жебирейил периштенин жардамы менен кубаттандырганымда бешиктеги убагыңда адамдарды даават кылганыңды, чоң киши болгонуңда аларга менин динимди жеткиргениңди, сага жазууну, Мусага түшүрүлгөн Тооротту, өзүңө түшүрүлгөн Инжилди үйрөткөнүмдү жана шарияттын жашыруун жактарын, пайдаларын, сырларын үйрөткөн жакшылыгымды эстегин. Сен ылайдан куштун келбетин жасап, анан үйлөгөнүңдө ал тирүү кушка айланган, көзү сокур туулган адамдын көрүү касиетин кайтаргансың, ала оорусун айыктырганыңда анын териси таптаза болгон, тирилтүүсүн Аллахка дуба кылып өлүктөрдү тирилткенсиң, ушунун баары Менин уруксатым менен болгон. Сен аларга ачык-айкын мужиза-кереметтерди көрсөткөнүңдө сени өлтүрмөкчү болгон Исраил урпактарынан сактаган жакшылыгымды эстегин. Алардын баары каапыр болуп сага ишенбей, Исанын көрсөткөндөрү анык сыйкыр дешкен болчу.
وَإِذۡ قَالَ ٱللَّهُ يَٰعِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ءَأَنتَ قُلۡتَ لِلنَّاسِ ٱتَّخِذُونِي وَأُمِّيَ إِلَٰهَيۡنِ مِن دُونِ ٱللَّهِۖ قَالَ سُبۡحَٰنَكَمَا يَكُونُ لِيٓ أَنۡ أَقُولَ مَا لَيۡسَ لِي بِحَقٍّۚ إِن كُنتُ قُلۡتُهُۥ فَقَدۡ عَلِمۡتَهُۥۚ تَعۡلَمُ مَا فِي نَفۡسِي وَلَآ أَعۡلَمُ مَا فِينَفۡسِكَۚ إِنَّكَ أَنتَ عَلَّـٰمُ ٱلۡغُيُوبِ
القرغيزية | кыргызча
Эстегин, кыямат күнү Аллах Таала Иса пайгамбарга кайрылып: Эй, Марямдын уулу Иса, сен адамдарга Аллахты ары коюп мага жана менин апама ибадат кылгыла дедиң беле? – деп сураганда, Иса Жаратуусун аруулап: мага алар үчүн чындыктан башканы айтуу ылайык эмес, эгер менин колумдан келип минтип айтканымда, Сен аны билет элең, анткени Сага эч нерсе жашыруун эмес, өзүмө бек жашырганды да билесиң. Ал эми мен Сендеги нерсени билбейм, чынында Сен бардык ачык, купуя жана кайып иштерди билесиң.
