التصنيفات
القرآن الكريم

المختصر في التفسير кыргызча سورة [مريم]

وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَرۡيَمَ إِذِ ٱنتَبَذَتۡ مِنۡ أَهۡلِهَا مَكَانٗا شَرۡقِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Оо, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Мариямдын кабарын эстегин. Ал үйүнөн алыстап чыгыш тараптагы бир жерде адамдардан бөлүнүп жалгыз болгон.

فَٱتَّخَذَتۡ مِن دُونِهِمۡ حِجَابٗا فَأَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرٗا سَوِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Ал Раббисине ибадат кылып жаткан абалында элге көрүнбөш үчүн, өзүнчө бөлүнүп өзү үчүн тосмо жасап алган. Ошондо Биз ага Жебирейилди жибердик. Ал кадимки эле жаратылган адамдын кейпинде келди. Анын ниети жаман окшойт деп коркуп кетти.

قَالَتۡ إِنِّيٓ أَعُوذُ بِٱلرَّحۡمَٰنِ مِنكَ إِن كُنتَ تَقِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Көркөм келбетте жаратылган адамдын сүрөтүндө ага карай бет алып келе жатканын көрүп Мариям: Эй, киши! Мен сенден жамандык жетүүсүнөн Чексиз Мээримдүү Аллахтын коргоосун сураймын, эгер сен Аллахтан корккон такыба болсоң, анда сен Аллахтан коркуп жаман ишке барбайсың– деп айтты.

قَالَ إِنَّمَآ أَنَا۠ رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَٰمٗا زَكِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Жебирейил периште: Мен адам эмесмин. Мен болгону сага жакшы жана табияты таза, берекелүү наристе белек кылуу үчүн Раббиңдин сага жиберген элчисимин.

قَالَتۡ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَلَمۡ يَمۡسَسۡنِي بَشَرٞ وَلَمۡ أَكُ بَغِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Мариям таң калып: Мага эркек да башка да жакындабаса жана менин боюмда бүткүдөй зынакор аял болбосом, анан кантип мен балалуу болмок элем – дейт.

قَالَ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٞۖ وَلِنَجۡعَلَهُۥٓ ءَايَةٗ لِّلنَّاسِ وَرَحۡمَةٗ مِّنَّاۚ وَكَانَ أَمۡرٗا مَّقۡضِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Жебирейил ага мындай деп айтты: Туура, сен айткандай күйөө да жана башкасы да сага жолобогону анык, сен зынакор да эмессиң. Бирок сенин Раббиң мындай деп айтты: Баланы атасыз жаратуу Мага жеңил. Андыктан сага берилген перзент Аллахтын кудуретине адамдар үчүн белги болуп калат жана Бизден сага жана ага ыйман келтиргендерге ырайым болот. Сенин бул балаңды жаратуу Сакталган Тагдыр китебинде жазылган Аллахтын буйруган тагдыры болду.

۞فَحَمَلَتۡهُ فَٱنتَبَذَتۡ بِهِۦ مَكَانٗا قَصِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Периште үйлөгөндөн кийин боюнда болуп, адамдардан алыс болгон жерге кетти.

فَأَجَآءَهَا ٱلۡمَخَاضُ إِلَىٰ جِذۡعِ ٱلنَّخۡلَةِ قَالَتۡ يَٰلَيۡتَنِي مِتُّ قَبۡلَ هَٰذَا وَكُنتُ نَسۡيٗا مَّنسِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Анан анын толгоосу кыйнап, аны курма дарагынын өзөгүнө алып келди. Мариям (ага Аллахтын саламы болсун) ага: «Аттиң, бул күнгө чейин өлүп калсам кана! Мен тууралуу жаман ой болбостугу үчүн, эч бир эскерилбегендерден болсом кана!» – деди.

فَنَادَىٰهَا مِن تَحۡتِهَآ أَلَّا تَحۡزَنِي قَدۡ جَعَلَ رَبُّكِ تَحۡتَكِ سَرِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Бутунун астынан Иса Мариямга мындай деп кайрылды: Кайгырба, Раббиң сенин астыңда иче турган суу арык кылды.

وَهُزِّيٓ إِلَيۡكِ بِجِذۡعِ ٱلنَّخۡلَةِ تُسَٰقِطۡ عَلَيۡكِ رُطَبٗا جَنِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Курманын өзөгүн кармап туруп кыймылдатсаң, сага жаңы бышкан курмалар түшөт. Ошол замат курмалар күбүлүп түштү.

فَكُلِي وَٱشۡرَبِي وَقَرِّي عَيۡنٗاۖ فَإِمَّا تَرَيِنَّ مِنَ ٱلۡبَشَرِ أَحَدٗا فَقُولِيٓ إِنِّي نَذَرۡتُ لِلرَّحۡمَٰنِ صَوۡمٗا فَلَنۡ أُكَلِّمَٱلۡيَوۡمَ إِنسِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Жаңы бышкан курмадан же, суудан ич, балаң менен кубанычка батып, эч капаланба! Эгер адамдарга жолугуп калып, алар сенден бала тууралуу сурашса, аларга: «Раббим үчүн эч бир сөз сүйлөбөйм деп өзүмө-өзүм сөз бердим. Андыктан бүгүн эч кимге сүйлөбөймүн»,– деп жооп бер.

فَأَتَتۡ بِهِۦ قَوۡمَهَا تَحۡمِلُهُۥۖ قَالُواْ يَٰمَرۡيَمُ لَقَدۡ جِئۡتِ شَيۡـٔٗا فَرِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Мариям баласын көтөрүп алып элине келди. Эли аны жактырбай: «Оо, Мариям! Кайдагы бир атасы жок баланы алып келгениң өтө жийиркенерлик уят иш!» – дешти.

يَـٰٓأُخۡتَ هَٰرُونَ مَا كَانَ أَبُوكِ ٱمۡرَأَ سَوۡءٖ وَمَا كَانَتۡ أُمُّكِ بَغِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Оо, Харунга окшоп ибадат кылган карындашы! (Харун такыба адам болгон.)Сенин атаң да апаң да зынакор эмес болчу. Сен такыбалыгы менен белгилүү үй-бүлөдөнсүң. Анан кантип атасы жок баланы алып келдиң?!

فَأَشَارَتۡ إِلَيۡهِۖ قَالُواْ كَيۡفَ نُكَلِّمُ مَن كَانَ فِي ٱلۡمَهۡدِ صَبِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Ал бешикте жаткан баласы Исаны жаңсап көрсөттү. Ошондо эл таң кала: «Бешикте жаткан бала менен кантип сүйлөшмөк элек?!» – деди.

قَالَ إِنِّي عَبۡدُ ٱللَّهِ ءَاتَىٰنِيَ ٱلۡكِتَٰبَ وَجَعَلَنِي نَبِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Иса (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун): «Чындыгында мен Аллахтын кулумун. Ал мага Инжилди берип, мени пайгамбар кылды.

وَجَعَلَنِي مُبَارَكًا أَيۡنَ مَا كُنتُ وَأَوۡصَٰنِي بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱلزَّكَوٰةِ مَا دُمۡتُ حَيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Кайда барбайын мени адамдарга пайдалуу, берекелүү кылды. Ал мага өмүр өткүчө намаз окууну жана зекет берүүнү буйруду.

وَبَرَّۢا بِوَٰلِدَتِي وَلَمۡ يَجۡعَلۡنِي جَبَّارٗا شَقِيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Ошондой эле энеме жакшы мамиле кылууну буйруду жана Ал мени ибадатта текеберленген, күнөөкөр болгондордон кылбады.

وَٱلسَّلَٰمُ عَلَيَّ يَوۡمَ وُلِدتُّ وَيَوۡمَ أَمُوتُ وَيَوۡمَ أُبۡعَثُ حَيّٗا

القرغيزية | кыргызча

Мен туулган, өлгөн жана кыяматта кайра тирилген күндөрдө мага шайтан менен анын жан-жөөкөрлөрүнөн коргоо болсун! Жалгыздыкта калган мына ушул үч жайда шайтан мага эч зыян келтирген жок».

ذَٰلِكَ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَۖ قَوۡلَ ٱلۡحَقِّ ٱلَّذِي فِيهِ يَمۡتَرُونَ

القرغيزية | кыргызча

Мына ушул сыпаттар таандык болгон адам – Иса пайгамбар. Бул айтылган сөз дагы Акыйкат Аллахтын сөзү. Иса тууралуу шектенип талашып тартышып адашкандардын айткан сөзү эмес.

مَا كَانَ لِلَّهِ أَن يَتَّخِذَ مِن وَلَدٖۖ سُبۡحَٰنَهُۥٓۚ إِذَا قَضَىٰٓ أَمۡرٗا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ

القرغيزية | кыргызча

Балалуу болуш Аллахка ылайык эмес! Ал мындан таза жана аруу! Эгер Ал бир нерсени кааласа, анда ага «бол!» деп айтып койгону эле жетиштүү, ал нерсе ошол замат сөзсүз ишке ашат. Ким ушундай болсо, анда ал балалуу болуштан аруу.