وَمَرۡيَمَ ٱبۡنَتَ عِمۡرَٰنَ ٱلَّتِيٓ أَحۡصَنَتۡ فَرۡجَهَا فَنَفَخۡنَا فِيهِ مِن رُّوحِنَا وَصَدَّقَتۡ بِكَلِمَٰتِ رَبِّهَا وَكُتُبِهِۦوَكَانَتۡ مِنَ ٱلۡقَٰنِتِينَ
القرغيزية | кыргызча
Жана Аллах Ага жана Анын элчилерине ыйман келтиргендерге абийирдүү жерин зынадан сактаган Имрандын кызы Мариямдын абалын мисал кылды. Аллах Жебреилди ага үйлө деп буйруду, анан Аллахтын кудурети менен Мариямдын уулу Иса атасыз анын боюна бүттү. Ал Аллахтын шарияттарын жана элчилерге түшкөн китептерин тастыктады. Ал Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Ага моюн сунуучулардан эле.
